Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

Анкара менен Тель-Авив: дипломатиялык күрөш уланып жатат


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган
Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган

Май айында израилдик аскерлердин Газа тилкесине жардам алып бараткан кемелердин кербенине койгон чабуулу тууралуу Анкара менен Тел-Авивдин ортосундагы дипломатиялык күрөш уланып жатат. Айрым серепчилер бул окуя Түркиянын башкаруудагы Адилет жана Өнүгүү Партиясына саясий упай алып келди деген пикир билдирүүдө.

New York Times гезитинин жума күнкү санында жарыяланган бир макалада түркиялык дипломаттарга таянуу менен, “Газа тилкесине жардам кемелеринин кербенин уюштурган түркиялык кайрымдуулук уюмунун Түркиянын бийлик чөйрөлөрү менен тыкыс байланышы бар” деп ырасталды.

И.Х.Х. деп аталган кайрымдуулук уюму террорчулук үчүн айыпталган айрым топторго жардам берип келгендиктен Израил жана батыштык өлкөлөр тарабынан бир канча жолу айыпталган бир уюшма экени ырасталып, бул уюм Түркияда премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын партиясына эмки жылда өткөрүлүүчү шайлоолорду утурлап, шайлоочулардын кеңири колдоосун алып келип, анын араб ааламындагы таасирин жана зоболосун өстүргөнү бышыкталган.

Макалада да көрсөтүлгөндөй, 31-Май күнү Жер ортолук деңизинин эл аралык суу аймактарында израилдик аскерлер тарабынан кармалып кеткен жардам кемесине башкаруудагы партиянын бери дегенде 10 депутаты да түшмөк болчу. Бирок кийинки мүнөттө ТИМ эскертүү жарыялагандан кийин алар кемеге түшкөн эмес.

Кемелердин кербени 31- май күнү таң алдында Израилдин атайын аскерлеринин чабуулуна учурап, кеменин бортундагы 9 түрк окко учту. Оппозициядагы Жумуруят Калк Партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу ошондо эле, чыгып сүйлөп, “Израилдин чабуулуна учураган кемелерге эмне үчүн Ак Партиянын депутаттарына түшүүгө уруксат этилген жок” деген маанилүү суроо койгон эле.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган: “Израил койгон бул чабуул, себеби эмне гана болбосун, эл аралык мыйзамдарга төп келбеген бир мамлекеттик террорчулук актысы болуп эсептелет” деп, -билдирүү жасап, жардам кемелеринин Газа тилкесине кайрымдуулук сапарын колдоп чыккан.

Анкара ошонон кийин Израилдеги баш элчисин кайра чакырып алып, эгерде Израил Түркиядан кечирим сурап, окуянын эл аралык калыс адистер тарабынан иликтелип чыгуусуна макул болбосо, Тел-Авив менен Анкаранын байланыштары оңдолбой турганын эскертип келди. Израил Түркиянын талаптарына көнбөдү жана окуяны өзү түзгөн бир комиссияга иликтете баштады.

Эрдоган өкүмөтүнүн Газа тилкесине кайрымдуулук акциясын уюштурган И.Х.Х. бейөкүмөт бир уюм экенин билдирип, ошол эле кезде өнөктөш бир өлкө менен мамилелердин үзүлүп калуу ыктымалына карабай бул окуянын артын кууп келүүсү, айрым серепчилердин бул окуянын артындагы Ак Партиянын катышы бар экени жөнүндө ар кандай ой-толгоосуна өбөлгө түздү.

Маселен, Hürriyet гезитинин 7-июнь күнкү санында саясий комментатор Семих Идиз “Түркия өңдүү төрт континентте таламдары болгон чоң бир өлкө, бейөкмөт бир уюмдун тукуруусу менен согуштун кырына чейин кантип бара алат деген суроону коюп, “анткени ал уюм бейөкмөт уюм деген кейип кийген өкүмөттүк уюм” деген пикир билдирген.

Дүйшөмбү күнү Германия, террорчул уюм катары каттаган Хамас уюмун колдогонун себеп кылып көрсөтүп И.Х.Х. нын өлкөдөгү бюролорун жаап салды. 21- июнда 87 америкалык сенатор кол койгон бир катта Обама администрациясы, И.Х.Х аталган кайрымдуулук уюмунун террорчул уюм катары катталып-катталбоосун иликтеп чыгууга чакырылды.

Андай айыптоолор тууралуу чыгып сүйлөгөн Түркиянын бир өкмөт кызматчысы, “И.Х. Х аталган уюмду, жасалма чалгын маалыматтарга таянуу менен террорчу деген атка кондуруу жана бул аркылуу окуяда өмүрү кыйылган тогуз жазыксыз кишинин жоопкерчилигин Ак Партияга оодара салууну көздөгөн Израилдин тырышуулары, өтө арзан жана арам тактика болуп саналат” деп баяндады.

XS
SM
MD
LG