Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Прокурорлор жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарышууда


Буга байланыштуу Бишкек шаардык прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Б.Ибраев катышка жыйын өтүп, негизинен Бишкек шаарында мыйзамдуулуктун сакталашы тууралуу маселе карлды.

Жыйында физикалык жана юридикалык тараптардык баш мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарын сактоо керектиги баса белгиленди. Соңку кездери тартип сактоо органдарынын айрым кызматкерлери юридикалык тараптарды жөнү жөк текшерген учурлары болуп атканы, алар текшерүүнү К.Бакиевдин жакындарынын үй-мүлкүн издөө менен байланыштырып атышканы айтылды. Буга байланыштуу мындай текшерүүлөрдүн кайталанбашы үчүн көзөмөлдү күчөтүү керектиги, керек болсо мындай иштерге барган көзөмөлдөөчү органдарга кылмыш ишин козгоо керектиги белгиленди. Андан тышкары күздө өтчү парламенттик шайлоонун таза өтүшү үчүн мыйзамдуулукту катуу көзөмөлдөө маселеси талкууланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG