Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Ирандагы теракт үчүн Тегеран Батышты айыптады


Бейшембиде Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан-Балучистан провинциясында эки жолку жардыруудан кеминде 27 адам набыт болгон. Ирандын Ички иштер министринин орун басары Али Абдуллахи бүгүнкү билдирүүсүндө ал үчүн Батыш менен Израилди айыптады. Буга чейин терактты Евробиримдик, Бириккен улуттар уюму жана АКШ кескин айыпташкан эле. Иранда полиция бул иш боюнча шектүү делген 40 адамды кармаганын билдирди. Жанкечтилердин жардырууларында дагы 160дан ашуун адам жаракат алган.

XS
SM
MD
LG