Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

19-июлдан тарта шал оорусуна каршы эмдөө жумалыгы башталат


Кыргызстандын бардык аймактарында полиомиелит (шал) оорусуна каршы иммундаштыруу боюнча Улуттук өнөктүктүн биринчи этабы башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү С. Байтикова “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, эки ай аралыгында беш жашка чейинки балдар эки ирет акысыз эмдөө ала алышат. Ошондой эле бул иш-чарага Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо жана Бириккен Улуттар уюмунун балдарды коргоо корунан (ЮНИСЕФ) өкүлдөр катышаары күтүлүүдө.

Маалыматка ылайык, бул оору менен коңшу Өзбекстанда, Тажикстанда адамдар катталып, 30дан ашуун киши каза тапкан. Кыргызстанда азырынча полиомиелит каттала элек. Буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүндө бул дарт дээрлик жоголуп калган эле. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG