Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Казакстан Кыргызстанга курулуш материалынан жардам берет


Бул тууралуу кечээ, 17-июлда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Тышкы иштер министрлеринин бейформал жолугушуусун ачып жатып, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев билдиргенин “РИА новости” агенттиги жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Казакстан Кыргызстанга жардам катары курулуш материалдарын жана электрстанциялары үчүн 10 млн. долларлык күйүүчү май берет. Ошондой эле Казакстандын демилгеси менен Кыргызстанга каржылык көмөк көрсөтүү максатында ири эл аралык донорлордун катышуусунда эки жыйын өткөрүү белгиленген. Анын бири июль айында Бишкекте, экинчиси августта Алматы шаарында өтмөкчү.

ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG