Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Б.Алымбеков БУУнун өкүлдөрү менен жолугушту


Ош аймагынын коменданты Бактыбек Алымбеков кечээ, 17-июлда Бириккен Улуттар уюмунун Ош облусундагы качкындар боюнча башкы комиссары Махир Сафарли, адам укуктары боюнча башкы комиссары Торстен Шаклл жана качкындарды коргоо боюнча өкүлү Сумбул Рижди, гуманитардык жардамдарды уюштуруу боюнча өкүлү Метью Сервенти менен жолугушту. Жолугушууда тартип коргоо органдары тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары учурунда адам укуктарын коргоо жана камсыз кылуу, кызматташуу жана айрым маселелерди биргелешип чечүү сүйлөшүлдү. Бул тууралуу Ош облустук комендантынын басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG