Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:49

Түштүктө убактылуу аскерий база түзүлүшү мүмкүн


Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев кечээ, 17-июлда маалымат жыйында билдирди. Ал сырткы күчтөрдүн коркунучун алдын алуу максатында түштүккө аскерий база убактылуу жайгашуусу ыктымалдыгын белгилеп, АКШ жана Орусиянын Кыргызстандагы аскерий базалары буга жардам берерин айтты. Маалыматка ылайык, түштүккө база курулса, ал экстремизм менен күрөшүү иштерине көмөк көрсөтөт. Ал эми аталган кызматтын басма сөз катчысы Рысбек Быкын уулу бул боюнча азырынча толук маалымат жоктугун, качан кайсы аймакка, ким тарабынан түзүлөрү тактала электигин жана бул багытта келишим качан түзүлөрү да азырынча белгисиз экенин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул коопсуздукту камсыз кылуудагы келечектеги пландардын бири болушу мүмкүн. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG