Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

Ысык-көлдө “Кадыр түн” фестивалы жыйынтыкталды


Ысык-Көл облусунун 80 жылыдыгына арналган “Кадыр түн” эл аралык фестивалы Чолпон-Атада ишемби күнү жыйынтыкталып, эстрада жанры боюнча баш байге 100 миң сомду Назгүл Кудайбердиева утуп алды. 1-орун эки ырчы Гүлжигит Калыков менен Азамат Сарыбаевге берилди. Ал эми фольклор жанры боюнча комузда күү аткарууда баш байгени Чолпон Мелисбек кызы жана элдик ырды эң жогорку чеберчиликте аткарган Аскат Мусабековго берилди. Бул тууралуу калыстар тобунун мүчөсү Юрий Бобков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында чет мамлекеттен өнөрпоздор келишпегени менен бул фестивалда жаш таланттарды элге таанытууга чоң мүмкүнчүлүк болду. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG