Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Кыргызстандын түштүгүнө ЕККУ 52 полициясын жөнөтөт


Бул маселе боюнча акыркы чечим 22-июлда кабыл алынарын ЕККУнун чыр-чатактарды чечүү боюнча борборунун жетекчиси Херберт Зальбер 16-июлда Алматада маалымат жыйынында билдирген. Ал ошондой эле түштүккө ЕККУнун 52 полициясын төрт айга жайгаштыруу үчүн бир нече миллион евро сарпталарын белгиледи.

16-17-июлда Алматада ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн 50гө чукул тышкы иштер министрлеринин бейрасмий жыйыны болуп, анда Борбор Азиядагы коопсуздук, Кыргызстандагы кырдаал, Ооганстан маселелери талкууланган.

Президент Роза Отунбанва ЕККУнун куралсыз 50 полициясы келип, кыргыз-өзбек ортосунда чыр-чатактын мындан кийин дагы кайталанбасына, адам укуктарын сактоого, милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамдын сакталышына жардам берип, мониторинг, кеңеш жана тренинг өткөрөрүн билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG