Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:27

Бүгүн АКШнын президентинин өкүлү Майкл Макфол Ошко барат


Бул тууралуу Кыргызтандагы АКШ элчилигинин коомчулук менен байланыш кызматкери Турат Макенбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, АКШ президентинин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Майкл Макфол бүгүн түнү менен Бишкекке келип, Ош, Жалал-Абаддагы абалды жеринде көрүп, жергиликтүү бийлик менен гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин талкуулайт.

Бул Майкл Макфолдун Кыргызстанга үчүнчү иш сапары. Ал 14-июлда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстанга эл аралык полиция күчтөрүн киргизүү керектигин, Ош жана Жалал-Абадда өзбек тектүүлөрдүн укуктары көбүрөөк бузулуп атканын айткан болчу.

Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Жеймс Стейнберг кечээ президент Роза Отунбаева менен жолугушуп эки тарап Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салуу, жаңжалды кайрадан болтурбоо, жаатташкан эки элди элдештирүү аракеттери жана жалпы эле коопсуздук маселелелерин талкуулашты. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG