Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Ошто күч органдарына ыраазычылыктар айтылууда


Ош облусунун комендантынын маалымат кызматы билдиргендей, облустук комендатурага аймактын жашоочуларынын, ишкерлеринин атынан ыраазычылыктар жазылган каттар келип түшүүдө. Ага ылайык, жергиликтүү коомчулук өзгөчө кырдаал маалында кызмат өтөп атышкан күч органдарынын кызматкерлерине ыраазычылык билдиришүүдө.

Айрым мекемелер, ишканалар материалдык жардамдарды көрсөтүшүүдө. Маселен, “Перитикоал” ишканасынын башкы директору Бердибай Примов Ош шаарындагы алты блок постто кызмат өтөп атышкан ички иштер аскерлерине материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Ош облусунун комендантынын маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG