Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Материалдык зыян 2 млрд. 742 млн. сомдон ашты


Ош менен Жалал-Абад облусундагы коогалаңдан кийинки материалдык зыяндын өлчөмү алдын-ала эсептөөлөр боюнча 2 миллиард 742 миллион 225 миң сомго жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Коогалаңдан кийин 2323 жабыркаган объект катталган. Алардын ичинен 1975 турак-жай, 299 соода түйүндөрү, 32 мамлекеттик мекемелер, 15 инфраструктуралык жайлар жабыркаган. Жабыр тарткандарды турак-жай менен камсыз кылуу максатында 1725 чатыр таркатылган. (IJz)

XS
SM
MD
LG