Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Ошто эл аралык полицияны киргизбөөнү талап кылышты


Ош шаарындагы борбордук аянтка чогулган элүү чакты киши Нарын облусунун мурунку губернатору Адыл Эсенбековдун кайрадан кызматка коюлушун, Кыргызстанга ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизбөөнү, элди бөлүп-жарды деген негизде Бахтияр Фаттаховду Ош облусунун комендантынын орун басарлыгынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин директорлугунан, калыс сөзүн айтпай атат деген негизде Турсунбек Акунду Акыйкатчылыктан токтоосуз бошотууну жогорку бийликтен талап кылышты. Ошондой эле өзбек лидерлери А.Сабировдун, Б.Фаттаховдун, Ж.Салахутдиновдун, К.Абдуллаеванын, К.Алимовдун, К.Батыровдун, “ОшТВ” жана “МезонТВ” телекомпанияларынын жетекчилеринин, андан тышкары Ош окуясын уюштургандардын жакын арада эл алдында жазага тартылышын талап кылышты.

Буга чейин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Сабиров азыр айыптууларды издей турган мезгил эместигин билдирсе, Ош облус комендантынын орун басары Бахтияр Фаттахов кандуу калабаны үчүнчү күчтөр уюштургандыгын билдирген.

Ош облусунун губернаторунун орун басарынын милдетин аткаруучу Таалайбек Зикиров нааразычылык акциясынын катышуучуларынын талаптары жүйөсүз экендигин айтып, азыр амбициялардын заманы эместигин белгиледи. (ATo)

XS
SM
MD
LG