Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Башкыртстандын парламенти жаңы президентти жактырды


Жергиликтүү парламенти президент Д.Медведев сунуштаган Рустем Хамидовду 17 жыл өлкөнү жетектеген Муртаза Рахимовдун ордуна президент кылып бекитти. Р.Хамитов буга чейин Орусиядагы эң чоң «Русгидро» ГЭСинин директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеп келген. Д.Медведев Орусиянын регионалдык лидерлеринин жаңы муунун коррупцияга каршы күрөшүүгө чакырды. Ошол эле учурда бул дайындоо Кремлдин региондордогу өз бийлигин чыңдоо аракети катары да бааланууда. Башкыртсан Орусиянын эң чоң регионалдык аймагы болуп саналат.

XS
SM
MD
LG