Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:51

ЕККУ полициясынын коопсуздугун кыргыз тарап камсыздайт


Кыргызстанга келе турган Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун 52 полициясынын коопсуздугун Кыргызстандын күч органдары камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин алдындагы Улуттук изилдөө борборунун башчысы Шамшыбек Мамыров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, аталган эл аралык полициячылар кайсы айда келери аныктала элек. Бирок сүйлөшүүлөргө ылайык, алар куралсыз келет жана алардын мандаты – мониторинг, тренинг, кеңеш берүү менен гана чектелмекчи. Аталган 52 полициячынын төрт ай бою Кыргызстанда калуусун ЕККУ каржыламакчы. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG