Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Ооганстан-Пакистан соода келишиминен коңшулар да утат


Ооганстан менен Пакистандын соода министрлери келишимге Исламабадда кол коюшту
Ооганстан менен Пакистандын соода министрлери келишимге Исламабадда кол коюшту

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Ооганстан менен Пакистан ортосунда тарыхый соода келишимине кол коюлушуна күбө болду. Мамлекеттер аралык соода жүргүзүүнүн жол-жоболору дале такталууда.

Бир нече жылдан берки сүйлөшүүлөр натыйжасында Пакистан менен Ооганстан 18-июль, жекшемби күнү эки өлкө ортосунда, анын аркасында жалпы чөлкөмдөгү соода алакаларын өрчүтө турган келишимге кол коюшту. Документ ооган товарларын Пакистан аркылуу Индияга алып өтүүгө жол ачат. Исламабад өз кезегинде Ооганстан аркылуу Борбор Азияга экспортун өнүктүрө алат. Бул келишимден пайдаланып бирок, Индия Пакистан аркылуу Ооганстанга товар жөнөтө албайт. Андай жобого өлкө экономикасына зыян келтирет деп, пакистандык саясатчылар каршы чыгышкан.

Эмнеси болсо да, документ Ооганстан менен Пакистан ортосунда 1960-жылдары кол коюлган эски соода келишиминин ордун басмакчы. Анда жазылгандын баары ишке ашса, эки өлкө ортосундагы соода көлөмү бир жылда 2 млрд долларга айланат деп күтүлүүдө. Ушу тапта өтүп жаткан товардын көбү эч жерде катталбайт, аларды ташыган унаа менен жолдордун түрү көп, канча оокат ташылып атканын так эсепке алуу дээрлик мүмкүн эмес.

Пакистандын мурдагы каржы министри Сартаж Азиз келишимдин аки-чүкүсү дале талкууланып жатканын, азырынча кайсыл товарларды экспорттоого уруксат берилгени анык эмес экенин кошумчалады. Азиздин айтымында, Соода келишиминин бардык жоболору тактала элек. Азырынча макулдашылган бөлүгү ооган товарларын Индияга экспорттоого уруксат берет. Ошентсе да, кандай товарлар ташылып өтөөрүн тактай турган эки тараптуу жумушчу топ түзүлдү. Пакистан өзү экспорттой турган буюмдар болсо, алар тизмеден алынып салынат. Документ Пакистанга зыян келтирбегидей болушу керек, антпесе аткезчилик күч алат.

Кабулда келишим чоң жетишкендик катары бааланды. Ооган президенти Хамид Карзай документ анын өлкөсүн Азиянын “жүрөк толтосундагы көпүрөгө” айландырат деп белгиледи. Эки өлкө ортосундагы тарыхый документти жогору баалаган АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Вашингтон Пакистандын жай турмуштук өнүгүүсүнө арналган 500 миллион долларлык жардам көргөзөөрүн жар салды. Исламабадда кабарчылар алдына чыгып сүйлөгөн Клинтон айым АКШ бул багытка көптөн бери көңүл буруп келатканына басым жасады. “Пакистандыктар арасында Американын кызыкканы жалаң коопсуздук маселеси деген ишенич бар экенин билебиз, - деди Клинтон айым. - Чындыгында биздин Пакистан менен алакабыз коопсуздук менен гана чектелбейт. Ага экономикалык, саясий, билим берүү, маданият, үй бүлөлөрдү байланыштырган тарых-тамыр да кирет”.

Байкоочулар Ооганстан-Пакистан соода келишими жана АКШ жарыялаган ири көлөмдөгү жардам шейшембиде Кабулда ачыла турган эл аралык конференциянын ийгиликтүү өтүшүнө салым кошот деп үмүт кылууда. Хиллари Клинтон бул ирет АКШ мындан ары Ооганстанды өз алдынча бутуна тургузуп, өз өнүгүү жолуна түшүрүүгө кызыкдар экенин кайталоодо.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG