Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

“Мекен шейиттери” кыймылы митинг уюштурууда


Бишкек шаарында, Жогорку Кеңештин алдындагы эски аянтта “Мекен шейиттери” кыймылы митинг өткөрүүдө. “Азаттыктын” кабарчысы окуя болуп аткан жерден билдиргендей, акцияга элүү чамалуу адам катышууда.

Алар мурдагы президент К.Бакиевди жана анын жакындарын, жан-жөкөрлөрүн кармап сот жообуна тартууну, 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында каза болгондорго “Эл баатыры” наамын берүүнү талап кылышууда.

Кийинчерээк партия катары кайра түзүлгөн “Мекен шейиттеринин” жетекчиси Арстанбек Сагындыков бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн Жогорку Кеңешке кирип кетти. (IJz)

XS
SM
MD
LG