Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Ошто башталган коогалаңга кырк күн болду


Бүгүн Ош шаарында башталган коогалаңга кырк күн болду. 10-июнда Ош шаарында башталган массалык баш аламандыктар Жалал-Абад облусуна да таркап, ырасмий булактар боюнча 300 ашуун адам каза тапты. Бийлик өкүлдөрү да, укук коргоочулар да бул сан мындан эки эсе көп болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Кийинчерээк күч органдары кырдаалды көзөмөлгө алышканы менен бир катар укук коргоочулар, айрым эл аралык уюмдар Ош менен Жалал-Абадда укук бузуулар болуп атканын айтып, Кыргызстанга эл аралык полиция киргизүү маселесин көтөрүшкөн. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ЕККУ Кыргызстанга куралсыз 52 полициясын жөнөтө турган болууда.

Буга чейин коомчулукта коогалаң башталган күндөн кырк күн өткөн соң баш аламандыктар чыгып кетиши мүмкүн деген чочулоолор айтыла баштаган. Бирок Ош жана Жалал-Абад облусунун комендатуралары билдиришкендей, ушул тапта аталган эки облуста кырдаал туруктуу. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG