Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

И.Исаков кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды


Коргоо министри Исмаил Исаков кызматтан кетип аткандыгы тууралуу президент Роза Отунбаеванын атына арыз жазды. Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Өз чечимин ал күздө өтчү парламенттик шайлоого “Азаттык демократиялык партиясынын” курамында шайлоого катыша тургандыгы менен түшүндүрдү.

Ошондой эле ал коргоо министри кызматына өз орун басары Кубанычбек Орузбаевди дайындоо тууралуу сунушун билдирди.

Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып И.Исаков чек ара кызматынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын карамагына өткөрүлүшүнө каршылыгын билдирип, мындай чечим тескерисинче чек арадагы коопсуздукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин баса белгиледи.

Андан тышкары ал Кыргызстанда ден-соолугуна байланыштуу альтернативдик кызматка калгандардан тышкары бардык жаштар армияда кызмат өтөөсү керектигин, мындай декрет кабыл алынганын билдирди.

Айта кетсек, буга чейин ушундай эле жүйө менен өз кызматтарынан Убактылуу өкмөттүн орун басары, каржы министри Темир Сариев, Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев, Убактылуу өкмөттүн орун басары Өмүрбек Текебаев, Саламаттыкты сактоо министри Дамира Ниязалиева кызматтарынан кетишкен. (IJz)

XS
SM
MD
LG