Бул туурасында Ош шаарынын прокурору Латип Жумабаев «Азаттыкка» билдирди. Окуяга шектелип кармалган 54 адамдын үстүнөн учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Дагы бир нечесине издөө жарыяланган. Аларга негизинен массалык башаламандыктарга катышкан, адам уурдаган же карасанатайлык менен өлтүргөн, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүп, денесин жаралаган, курал пайдаланган, үй-жай, ишкана-мекемелерди өрттөгөн деген айыптар тагылууда.
Латип Жумабаев этникалык кагылышуу башталгандан тартып 54 киши жоголгондугун, мунун ичинен он төртүнүн сөөгү жана жетөөсү тирүү табылгандыгын, калгандарын укук коргоо органдарынын куралган ыкчам топ активдүү издеп жаткандыгын кошумчалады. (ATo)