Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Жалал-Абадда облбийликти басып алуу боюнча кылмыш иши жыйынтыкталды


Бул тууралуу Генералдык прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тарапкерлери 13-14-майда Жалал-Абад шаарында уюштурган массалык башаламандык, анын натыйжасында эки адам өлүп, 65 адам жаракат алганы, мамлекеттик кызматты өздөштүрүп алуу фактылары боюнча кылмыш иштери аягына чыкты. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору К.Масиров, анын орун басарлары А.Акбаров, А.Алимжанова, башаламандыктын уюштуруучулары жана катышуучулары Т.Шаимкулов, Б.Тагаева, А.Анарбаева, Д.Мамашева, М.Бекишова, Г.Мусаева, А.Палванова, Т.Карымшакова, С.Чекелекова кылмыш жообуна тартылышууда.

Андан тышкары, 2010-жылы апрель-июнь айларындагы башаламандыктарга катыштыгы бар делген негиз менен мурдагы президент К.Бакиевдин жакындарына карата козголгон кылмыш иштери жыйынтыкталып калды. (IJz)

XS
SM
MD
LG