Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

Ош облусунда коменданттык саат кыскарды


Ош облусунун комендатурасы билдиргендей, облуста коомдук-саясий кырдаал туруктуу болуп калганына байланыштуу Ош шаарында, Араван, Кара-Суу, Өзгөн райондорунда коменданттык саат эки саатка кыскарды. Эми аталган аймактарда коменданттык саат 22:00дөн, таңкы 05:00гө чейин иштейт. Коменданттык саатты кыскартуу тууралуу өтүнүч менен жергиликтүү тургундар айыл-чарба иштери, оруп-жыйуу башталганына байланыштуу комендантка кайрылышкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG