Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:38

Ооган өкмөтүнүн жоопкерчилиги жогорулатылат


Кабулда өткөн эл аралык конференциянын катышуучулары президент Хамид Карзайдын «өлкөдө бардык коопсуздук операцияларды ооган күчтөрү жетектесин» деген сунушун колдошту. Алар ошондой эле алдыдагы эки жылда эл аралык гумжардамдын тең жарымын ооган өкмөтү бөлүштүрүшүнө чакырышты. Азыркы тапта өкмөт бул каражаттын болгону 20 пайызын көзөмөлдөйт.

Делегаттар ошондой эле ооган өкмөтүн коррупция менен күрөштү күч алдырып, мамлекеттик башкарууну жакшыртууга үндөштү. НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен ооган армиясы жоопкерчиликти өзүнө алгандан кийин да НАТО күчтөрү Ооганстанда кала берип, жергиликтүү бийликке жардам көрсөтөрүн бышыктады.

БУУнун баш катчысы Пан Ки Мун жыйындын жыйынтыгына жогору баа берип, Ооганстандын келечегине биринчи жолу оогандар өздөрү конкреттүү мамиле жасап жаткандыгын белгиледи. Жыйынга 70 чакты эл аралык уюмдардан жана өлкөлөрдөн өкүлдөр катышты.

Анын аралыгында, Ооганстандын түндүгүндө машыгуу жайында куралчан киши эки америкалык жаранды жана ооган аскерин атып өлтүрдү. Иликтөө жүрүп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG