Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:06

Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүү үчүн 1 млрд. доллар керек


Бул тууралуу Казакстандын биринчи вице-премьер-министри Умурзак Шукеев казак өкмөтүнүн жыйынында билдиргенин РИА “Новости” агенттиги жазып чыкты. Маалыматка караганда У.Шукеев Кыргызстандын быйылкы жылдагы бүджетин тең салмактап туруш үчүн 330 миллион доллар зарыл экендигин белгилеген. Ал ошондой эле Кыргызстанга ар тараптуу техникалык жардам көрсөтүлөрүн айтып, Дүйнөлүк банк менен кризиске каршы план иштелип жатканын, аны казак өкмөтү 15-августка чейин бекитүү керектигин билдирген.
Өткөн аптада Казакстандын биринчи вице-премьер-министри Умурзак Шукеев жетектеген казак экономисттеринин делегациясы Кыргызстанга келип, түштүктөгү акыбал менен жеринде таанышышкан болчу. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG