Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди


Өзгөртүү жана толуктоолор киргизилген Шайлоо кодексине ылайык шайлоо учурунда бармакка белги коюу ыкмасы кайрадан киргизилип, шайлоо корунун суммасы эки эсе кыскарып 50 миллион сом болду. Ошондой эле депутаттык мандат үчүн мурдагыдай 25 эмес 21 жаштан жогорулар катыша алат. Мындан сырткары референдумда колдонулган кошумча тизме менен добуш берүү да калтырылып, шайлоочу катталган жерине барбастан, жашап жаткан жериндеги шайлоо бекеттеринен добуш бере алат. Жаңы парламентте 90 депутаттын ордуна 120 болору белгиленип, шайлоо мөөнөтү 90 күндөн эрте эмес, 60 күндөн кеч эмес убакыт ичинде жарыяланышы керек. Бул өзөртүүлөр боюнча Декретке президент Роза Отунбаева 20-июлда кол койду. (AJ)

XS
SM
MD
LG