Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:59

Бүгүн Токтогулда элдик жыйын улантылат


Анда Токтогул районунун акими Сатылган Арстанбековду кызматтан кетирүү, Камбар-Ата-2 ГЭСинин 5 пайыз акциясын Токтогул районуна ыйгаруу, аталган өрөөндө электр кубатынын баасын өз наркында 8 тыйындан чегерүү талабы коюлат. Бул тууралуу аталган райондун тургуну Нурбек Тотонов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кечээ ушундай эле талап менен митингге чыккан эл азыркы акимди иш ордунан сүрүп чыгып, анын ордуна мурдагы аким Тынычбек Иманалиевди кайрадан район жетекчилигине шайлашты.
“Тынычбек Иманалиев бул маселени Убактылуу өкмөт чечерин айтып, акимдин кеңсесине кирүүдөн баш тартты. Токтогулдуктар Убактылуу өкмөткө кайрылышып, бул маселени шаршембиде чечип берүү талабын коюшту”,-дейт Н.Тотонов.

Ал эми аким С. Арстанбеков болсо элдик курултайдын мыйзамсыз экендигин, райкеңештин сессиясы өзүнө ишеним көрсөткөнүн билдирди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG