Отун-энергетика тармагында коррупциялык ишмердүүлүктү токтотуу, тармакты башкарууда жоопкерчиликти күчөтүү жана отчет берүү, каржылык иштерин ачык жүргүзүү, коомдук башталышта отун-энергетика комплексинде Көзөмөл кеңеш түзүү жөнүндө жарлыкка президент Роза Отунбаева кечээ (20-июлда) кол койду. Ага ылайык Көзөмөл кеңеш отун-энергетика тармагынын иштери тууралуу отчетун квартал сайын коомчулукка жарыялап, маалымат берип турат. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)