Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Э.Үмөталиев Түштүк Корея өкүлү менен жолукту


Экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев Түштүк Кореянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сың Ель менен жолугушуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык байланышын өркүндөтүү жаатында пикир алышты.

Сың Ель мырза өз сөзүндө эки өлкөнүн экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин жандантуу үчүн Кыргызстанды Түштүк Кореяда өтчү эл аралык форумга чакырды.

Э.Үмөталиев өз кезегинде Түштүк Кореяга түз аба каттамдарын ачуу кызыкчылыгы бар экенин, эл аралык “Манас” аба майданын транзиттик жүк ташуу максатында да пайдаланса болорун билдирди. Андан тышкары ал кызматташтыкты жандантуу үчүн оболу Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү процессине катышууга, улутташтырылган мекемелердин экономикага кайтып келүүсү үчүн кореялык инвесторлорду тендерлерге катышууга үндөдү.

Андан тышкары Э.Үмөталиев кореялык билим берүү системасына маани берип, Кыргызстанда кореялык альтернативалык менчик мектептерди ачууну сунуштады. Ошондой эле эки тарап кореялыктар үчүн визасыз режимди киргизүү - Кыргызстанга Түштүк Кореядан көбүрөөк инвестиция келишин шарттай турганын баса белгилешти. Бул тууралуу экономикалык тескөө министрлигинен маалымдашты. (IJz)

XS
SM
MD
LG