Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Парламент алдында Т.Тургуналиевге каршы пикет өтүүдө


Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Топчубек Тургуналиевге нааразы болгон аталган мекеменин мурдагы кызматкерлери Жогорку Кеңештин астында пикет өткөрүшүүдө. “Азаттыктын” кабарчысы окуя болуп аткан жерден билдиргендей, пикетке элүү чакты адам катышууда. Алар аталган агенттиктин жетекчиси Т.Тургуналиевдин кызматтан кетишин талап кылышууда. Ушул эле адамдар 5-июлда да ушундай эле талап менен пикет өткөрүп, аталган агенттиктеги талаш-тартыштарды кароо боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүлгөн болчу. Аталган комиссия 14-июлда чечим чыгарып, “Т.Тургуналиевдин кызматтан алуу маселесин карап көрүү керек” деген чечим чыгарган. Токой чарба кызматкерлери комиссия чечими ишке ашпай атканы үчүн нааразы болуп, эми иш таштоо уюштура башташканын айтышууда.

Т.Тургуналиев болсо “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, Акаев, Бакиев учурунда табиятты талкалап, жеке чөнтөгүн гана ойлогон кызматкерлерди жумуштан айдаганын, эми алар майлуу орундарынан айрылганына арданып атышканын билдирген болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG