Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

М.Мырзакматов: Ош шаарында эл аралык полицияга каршы болгондор бар


Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, ушул тапта Ош шаарынын айрым тургундары ЕККУнун полициясынын кирүүсүнө каршы болуп атышканын, ал өзү да шаардыктардын пикирин колдоорун билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта эки тараптын мындан ары ынтымактуу жашоосу үчүн бардык чаралар көрүлүүдө. Ал эми турак-жайлар талкаланган аймактарга кийин кыргыз-өзбектерди аралаштырып жайгаштыруу маселеси талкууланууда.

Ошондой эле ал айрым күчтөр июндагы тополоңдорго байланыштуу аны каралаган маалыматтарды таркатып атышканын, мындай маалыматтар чагымчылардын гана иши экендигин, ал жеке өзү тополоңдорду басуу жаатында гана катуу иш алып барганын баса белгиледи. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG