Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

Бишкекте эл аралык полицияга каршы митинг өтүүдө



Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында “7-апрель” кыймылы митинг өткөрүүдө. Ага он чакты адам катышууда. Кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” билдиргендей, алар “Human Rights Watch” уюму бир тараптуу гана маалымат таратып атат деген негизде, түштүктөгү коогалаңды иликтөөгө бул уюмду такыр кошпоону талап кылышууда.

Уюмдун жетекчисинин айтымында, алар ошондой эле Кыргызстанга ЕККУнун эл аралык полициясын киргизүүгө да каршы.

Айта кетсек, эл аралык уюмдар, чет элдик жогорку өкүлдөр менен көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстандын бийлиги ЕККУнун 52 куралсыз полициячысын киргизүүгө макулдук берген.

Кыргызстандык бир катар укук коргоочулар, айрым коомдук жана саясий ишмерлер аталган эл аралык полициячыларды киргизүү ал жактагы иликтөө иштеринин калыс жүрүшүн камсыздай турганын, аларды киргизүү өлкөнүн ички ишине кийлигишүү эместигин, тескерисинче бул кырдаалду турукташтыруу үчүн зарылдыгын айтышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG