Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

“Күч структураларынын биримдиги” уюму түзүлдү


“Күч структураларынын биримдиги” аттуу коомдук бирикмеси түзүлүп, Адилет министрлигинен каттоодон өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдун жетекчиси Арстанбек Дуңганов билдирди.

Аталган уюмдун башкы максаты – ички иштер органдарынын, күч структураларынын кызматкерлеринин укуктарын коргоо болуп саналат.

А.Дуңгановдун айтымында, 2005-жылдардан бери маанилүү өзгөрүүлөр учурунда күч структуралары түрдүү окуяларга аралаштырылып, бирок кийин алардын укуктары каралбай калып келди. Андыктан өлкөнүн күч түзүмүндөгү жарандарынын да укуктарын коргоого алчу уюмдун зарылчылыгы пайда болду. Негизги ишинен сырткары бул уюм күч структураларындагыларга жумуш таап берүү, аларга социалдык колдоо көрсөтүү сыяктуу багыттарда да иш алып бармакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG