Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

АКШ менен Британия Ооганстан боюнча форумду макташты


Эки өлкөнүн лидерлери иш-чараны Ооганстанда коопсуздукту ооган армиясына өткөрүүгө карай жасалган кадам деп аташты. Кечээ Кабулда бир күндүк эларалык конференция өткөн. Анда 2014-жылга чейин өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу милдети толугу менен жергиликтүү армияга өткөрүлөөрү бышыкталды. Айрым аймактарда ооган аскерлери быйыл жыл этегине чейин эле көзөмөлдүк кыла башташмакчы. АКШнын президенти Барак Обама менен Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон Вашингтондогу биргелешкен маалымат жыйынында Кабулдагы конференция “маанилүү ийгиликтерди” жарата алды дешти. "Бул – маанилүү жетишкендиктер. Алар оогандарга өз өлкөсүндө абалга көз салуу үчүн жоопкерчиликти алууга жардам берет, - деди президент Обама. -Бир жыл ичинде айрым жерлерде абалга оогандар өздөрү көз сала башташат, келерки жылдын июлунан тарта биз аскерлерди Ооганстандан чыгара баштайбыз. Кабулдагы конференция Ооганстанды эларалык коомчулук, эң ириде, узак мөөнөттүк өнөктөшү АКШ колдой турганын көрсөттү".

XS
SM
MD
LG