Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Алтын казган кыргыз-кытай компаниясына нарындыктар нааразы


Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл округундагы Кум-Бел деген жерде алтын казган кыргыз-кытай «Кум-Бел» жоопкерчилиги чектелген коомуна айылдыктардын басымдуу бөлүгү нааразычылыктарын 21-июлда аталган айылда беш жүзгө чукул адам катышкан жыйында билдиришти. «Кум-Бел» кыргыз кытай ишканасы 2007-жылы лицензия алып, иш жүргүзө баштаган. Бул аралыкта ишкана айылдын инфраструктурасын оңдоого 800 миң сом акчалай жардам, күйүүчү май берип турган. Бирок Жерге-Тал, Жаңы-Талап, Кара-Чий айылынын тургундары алтын казган ишкана экологияны бузуп, элдин ден соолугуна зыян тийгизип жатат, жайыттардын 98% казылып керектен чыкты, лицензияны Максим Бакиев алып берген, булл ишкана он күн аралыгында техникаларын алып чыгып кетишсин деген талаптарын коюшту. Жыйынга Нарын районунун акиминин милдетин аткаруучу Тазабек Мамыров катышып, ишти мыйзам чегинде чечип берүүгө убада кылды. (JI)

XS
SM
MD
LG