Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:35

Алайкуу өрөөнү 1-августта электр кубаты менен камсыздалат


«Ош-Электро» ишканасынын жетекчиси Асылбек Артыков «Азаттыкка» кабарлагандай, суу ташкындан жана нөшөрлөп төккөн жамгырдан улам бир айча мурун Алайкуу өрөөнүндөгү жогорку чыңалуудагы ондогон электр түйүндөрү кыйраган. Алар 1-августта толук бойдон калыбына келтирилмекчи. Ошондон кийин гана он жети миң калк жашаган аймак жарык жана телефон байланышы менен үзгүлтүксүз камсыз этилет.

Буга дейре алайкуулуктар тыш дүйнө менен байланыш үзүлгөндүгүнө даттанып, губернатор Сооронбай Жээнбековго жана президент Роза Отунбаевага кайрылышкан эле. Жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен өрөөндүн тургундарына өзгөчө кырдаал министрлиги тик учак менен бир нече ирет азык-түлүк жеткирген. (ATo)

XS
SM
MD
LG