Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

Токтогулдагы курултай өз талабын колдоп, өкмөт чечимин күтүүдө


21-июлда район борборунда улантылган курултайга 50 дөн ашык адам катышты. Райкеңештин депутаты Нурболот Кожобергенов жана БЭКтин өкүлү Салават Аликеевдин билдиришинче, демилгелүү топ талаптары аткарылмайын бийлик имаратынын алдынан кетпөөнү чечти. Алар менен жолуккан район прокурору жана милиция башчысы курултай мыйзамсыз экенин белгилеп, 7 кишиге эскертүү кагазын тапшырмакчы болду. Өз акциясы жаңы мыйзамга ылайык келээрин ырасташкан адамдар эскертүү барактарын алуудан баш тартышты. 20-июлда башталган курултай облус губернатору менен район акимин кызматтан кетүүсүн, 7- апрелден 11-июлга чейин иштеген Тынычбек Иманалиевди акимдикке кайра дайындоону, бийлик мекемелеринен мурдагы президенттин тушунда иштегендерди тазалоону, Камбар-Ата – 2 ГЭСинин 10 пайыз акциясын Токтогул районуна ыйгаруу жана район калкы үчүн электр жарык акысын арзандатууну талап кылууда.

Облус губернатору Бектур Асанов “Азаттыкка” Токтогулдагы курултайдын талаптары негизсиз экенин , акимдик кызматка кимди койууну президент Роза Отунбаева чечээрин, 11-июлда район башчылыгына дайындалган С. Арстанбеков башка имаратта өз ишин улантып жатканын билдирди. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG