Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

Акмат Бакиев кармалды


Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Акмат Бакиев кечээ кечинде Жалал-Абадда батирлердин биринде кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен ишенимдүү булактан билдиришти. Маалыматка караганда Акмат Бакиевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөндө, анын колунда тапанча болгон.
13-майда кулатылган президент Курманбек Бакиевдин тарапкерлери Жалал-Абад облустук акимчилигин ээлеп алган эле. 14-майда болсо Убактылуу өкмөттүн тарапкерлери чогулуп, Бакиевчилердин чыгып кетишин талап кылган. Натыйжада эки тарап кагылышып кетип, ок атылып, бири-бирине таш ыргытышкан. Кагылышуудан 2 жигит каза болуп, 60ка чукул адам жаракат алган болчу. Муну Курманбек Бакиевдин инилери уюштургандыгын Жалал-Абаддын губернатору айтып чыккан. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG