Линктер

шейшемби, 28-февраль, 2017 Бишкек убактысы 11:54

Эл аралык сот Косово боюнча бүгүн бүтүмүн айтат


Улуттар Уюмунун Гаагадагы соту Косовонун Сербиядан бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган чечими мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин жарыялайт. 2008-жылы февралда эгемендигин жарыялаган Косовону 70тей мамлекет тааныды. Бир жарым жыл мурда Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Сербиянын өтүнүчү менен бул маселени эл аралык соттун карамагына берген. Соттун чечимин бүгүн Сербияда да, Косоводо да толкундануу менен күтүп жатышат. Серб өкмөтү бүгүн кечинде чукул жыйын өткөрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG