Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

ТИМ эл аралык полиция керектигин билдирүүдө


Тышкы иштер министрлиги ЕККУнун полицияларын алып келүүнүн сепеб-жөнүн түшүндүргөн билдирүү таратты.

Анда куралсыз эл аралык полициячыларды Кыргызстанга киргизүү бийлик үчүн абдан оор жана жоопкерчиликтүү чечим болду. Бирок бул кадам Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдында жүзү жарык болушун камсыздай турган, өлкөнүн ачык, демократиялык жолго түшкөнүн далилдей турган маанилүү иш-чара.

Ошондой эле билдирүүдө эл аралык полициячылар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, өлкөнүн күч органдарына ишенимди арттырууга көмөкчү болору айтылат. Ошондой эле эл аралык полиция менен мындайча кызматташуу мурдагы СССР аймагындагы алгачкы практика экендиги баса белгиленет. (IJz)

XS
SM
MD
LG