Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Т.Тургуналиев: Мени кетсин дегендерди Э.Каптагаев колдоодо


Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Топчубек Тургуналиев бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, аталган агенттиктин айланасындагы интригаларга үчүнчү күчтөрдүн катышы бар экенин билдирди.

Анын айтымында, айрым бийлик адамдары ал жетектеген агенттиктин башына өз кишилерин алып келүүгө аракет кылышууда.

“Агенттиктин нааразы болгон кызматкерлеринин аркасында ким турарын билем. Ал техникалык өкмөттүн аппарат башчысы Эмил Каптагаев”,- дейт Т.Тургуналиев.

Ал ошондой эле Эмил Каптагаев мурда Ысык-Көлдүн биосфералык зонасында иштегенин, андыктан ал коррупциялык аракеттери үчүн кызматтарынан алынган агенттиктин кызматкерлерин жакшы билерин, ошол эле кишилер Э.Каптагаевдин туугандары болушу мүмкүн экендигин айтууда.

Т.Тургуналиевдин мындай айыптоосуна президенттин администрация башчысы Эмил Каптагаев азырынча жооп кыла элек. “Азаттыктын” бул боюнча ырасмий жооп алуу аракети азырынча натыйжа бере элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG