Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:34

ЕККУ Туруктуу кеңеши Кыргызстанга полиция кеңешчилерин жиберүүнү жактырды


Мындай чечим бүгүн Венада ЕККУга мүчө 56 өлкөнүн Туруктуу кеңешинин жыйынында жактырылды. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий интернет сайты билдирет. Кабыл алынган чечимге ылайык полициянын кеңешчи тобу Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык чыңалууну жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүктөрүнүн иш-аракетин чыңдоого көмөк көрсөтөт.
ЕККУнун полиция кеңешчилеринин тобу алгач төрт ай мөөнөткө жиберилип, эгер андан ары зарылчылык болсо Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун Туруктуу кеңешинин макулдугу менен узартылат. 52 эл аралык полиция кызматкери түштүктөгү абалга көз салып кыргыз милициясына кеңешчилик милдетти аткарат. Кыргызстанга полиция кызматкерлери куралсыз келет жана алар күч органдарынын милдетин аткарбайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG