Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:29

Эл аралык сот: Косовонун эгемендүүлүгү мыйзамдуу


Бүгүн Улуттар Уюмунун Гаагадагы соту Косовонун 2008-жылдагы Сербиядан бир тараптуу көз карансыздыгын жарыялаган декларациясы мыйзамдуу деген бүтүмүн берди. 2009-жылы Сербия бийлиги Эл аралык сотко Косовонун күнкорсуздук декларациясы Сербиянын аймактык бүтүмдүгүнө шек келтирет деген негизде кайрылган. Гаага соту кабыл алган 10-4 чечимде Сербияга Косовонун көз карансыздыгын тааныган дүйнөнүн көп өлкөлөрүн ээрчүү сунушталат. Косовону эгемен өлкө катары 69 мамлекет тааныган ал эми толук мамлекеттүлүктү түзүү үчүн дүйнөнүн 100 өлкөсү расмий таанышы зарыл.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG