Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

Базар-Коргондо набыт болгон милиция кызматкеринин кыркы өттү


Бүгүн райондун Кызыл-Ай айылында милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановду эскерүү болду. Анын арбагына куран окутулуп, эстелиги коюлду. Ага облустук, райондук бийликтердин, тартип коргоо уюмдарынын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундар катышты. Кырк күндүккө чогулгандар ага Эл баатыры наамын берүү демилгесин көтөрүштү.

Базар-Коргон айылында аймактык инспектор болуп иштеген М. Сулайманов 13-июнда кызмат маалында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү делинип бир нече адам кармалган. Облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча май- июнь айларындагы башаламандыктарда милициянын 147 кызматкери жабыр тартып, алардын үчөө коомдук тартипти сактоо маалында окко учкан.

14-июнда өлтүрүлүп, өрттөлгөн милициянын ардагер подполковнигинин сөөгү жакында Сузак айылынын чыга беришинен табылган. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG