Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Ош шаарына Орусиядан гуманитардык жардам келди


20 тонналык эки жүк ташуучу унаага жүктөлгөн жардамды Екатеринбургдун укук коргоочулары Свердлов облусунун адам укуктары боюнча өкүлү Татьяна Мерзлякованын колдоосу менен жөнөтүшкөн. Анда турмуш тиричиликке эң керектүү буюмдар менен катар екатеринбургдук балдардын сүрөттөрү да келген. Алар жабыркаган аймактагы кичинекей балдарга берилет. Гуманитардык жардамды “Ак жол” бажы бекетинен Кыргыстандын акыйкатчысынын өкүлдөрү тосуп алып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда Ошко жеткиришкен. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады. (AzK)

XS
SM
MD
LG