Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

Жалал-Абадда жабыркагандарга жардам берилүүдө


Жалал-Абад шаар мэриясынын маалыматына ылайык, өкмөт которгон 10 миллион сомдун эсебинен Жалал-Абаддагы 185 турак-жайдын ээлерине 5 миң сомдон көмөк көрсөтүлө турган болду. Алардын турак-жайлары өткөн айдагы тополоңдо өрттөлүп, үйлөрүнүн дубалдары гана калган, мүлк-буюмдары тонолгон. Мамлекеттик бир нече мекемелердин жана жеке ишкерлердин имараттары да күйүп, жараксыз болуп калган. Каражаты жок жабырлануучулар кышка дейре турак-жай менен камсыз кылууну талап кылышууда. Мүмкүнчүлүгү барлары таштандылардан тазалап, талкаланган үйлөрүн кайра курууда. Мындан тышкары жаз айларындагы селден жабыр тарткандарга 2 миң сомдон жардам берилмекчи. Жалал-Абад, Ош шаарларын калыбына келтирүү башкы дирекциясынын жергиликтүү бөлүмү жапа чеккен үйлөрдүн абалы текшерилип жатканын, алдын ала маалыматтар боюнча алардын саны облуста 400дөн ашаарын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG