Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:54

Нарын шаарынын жолун оңдой турган ишкана аныкталды


Нарын шаарынын борбордук көчөсүн оңдоо үчүн республикалык бюджеттен 50 млн. сом бөлүнгөн. Убакыттын тардыгына байланыштуу тендер өткөрүлбөстөн, анын ордуна 17 кишиден турган атайын комиссия түзүлгөн. Көчөнүн төрт жарым чакырымын оңдоо долбоору менен жоопкерчилиги чектелген 5 ишкана таанышып, документтерин тапшырышкан. Алардын ичинен экөө документтери толук болбогондуктан жана бирөө асфальт төшөө боюнча тажрыйбасы жок болгондуктан, экинчи баскычка 2 ишкана өткөн. Жыйынтыгында атайын түзүлгөн комиссия Нарындын борбордук көчөсүн оңдоону «ЭММ Интер сервис» жопкерчилиги чектелген коомуна тапшырды. Убактылуу өкмөт бөлгөн 50 млн. сом менен аталган ишкана сунуш кылган сумманын айырмачылыгы 6 млн. 507 миң 529 сомду түзүп, калган акчага аталган ишкана кошумча аңдарды да оңдойт. Иш биринчи 1-августтан башталат. (JI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG