Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:18

Түштүктө салык жыйноо 99,5 пайызга аткарылды


Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынын түштүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Тургун Туташев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, июнь айындагы окуялар түштүктөгү салык инспекцияларынын ишмердүүлүгүнө таасирин тийгизди. Бирок салык кызматынын кызматкерлери быйылкы жылдын жети айы үчүн 1477810 сом жыйноого үлгүрүшкөн. Бул көрсөткүч планда каралган жыйымдын 99,5 пайызын түзөт.

Жалпысынан салыкчылар жарым жылдын жыйынтыгы менен Ош облусу боюнча 83 миллион, Жалал-Абад облусу боюнча 63 миллион сом жыйнай албай калышкан.

Маалымат жыйында, жабыркаган региондун тургундарына салык каникулун берүү боюнча Убактылуу өкмөттүн декретин күчүнө киргизчү жобону иштеп чыгуу керектиги белгиленди. Тургун Туташевдин айтымында, бул маселенин чечилиши - түштүк региондун кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жеңилдетип, ишти системалаштырмак. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG