Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Ошто жүз чакты мугалим ишин таштады


Бул туурасында «Азаттыкка» кабарлаган Ош шаардык агартуу башкармалыгынын маалыматына караганда, июнь айындагы этникалык кагылышуудан улам жүз чакты мугалим ишин которууга мажбур экенин билдирген. Ансыз деле быйыл мектептерге эки жүздөн ашуун агартуучу жетишпей жаткан. Мекеме өкүлүнүн айтымында, массалык башаламандык учурунда Хамза атындагы мектеп толук бойдон өрттөнгөн. Калган мектептерде ремонт иштери кечеңдетелип жүргүзүлүүдө.

Жергиликтүү адистер агартуучуларга ар тараптуу камкордук көрүлмөйүнчө, мектептерде айрыкча жаш кадрларды кармап калуу олуттуу көйгөй бойдон калаарын эскертүүдө. (ATo)

XS
SM
MD
LG