ЛАРК өнөктөштүк тармагы түштүктөгү коогалаңда жабыркагандарга юридикалык жардам бере баштады. Иш-чара Кыргызстандагы кызматташтык боюнча Швейцариялык бюро тарабынан каржыланган элет калкына укуктук жардам берүү долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат. Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Кара-Суу, Базар-Коргон, Сузак райондорунда жабыркагандар турак-жай, жер участкаларына тиешелүү жок болуп кеткен документтерин жана өзүн тастыктоочу күбөлүктөрдү калыбына келтирүү маселеси боюнча бардык укуктук жардамдарды ала алышат. Акыркы маалыматтарга караганда, Ош жана Жалал-Абат аймактарында эки миңге жакын турак жайлар өрттөнүп кеткен(AzK)