Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:39

Ош облусунда кырдаал туруктуу


Бул тууралуу Ош облусунун комендантынын маалымат кызматы билдирет. Маалыматка караганда, аймактагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч органдары коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантып, тартипти сактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Акыркы бир күн ичинде Ош облусу менен шаарында 89 кылмыш иши катталып, чукул чаралардын натыйжасында алардын жыйырма жетисинин бети ачылды. Негизинен кылмыш иштери боюнча жарандардан түшкөн арыздардын көбү июндагы коогалаңга байланыштуу болууда. Ал эми бир күн ичинде коменданттык саатты бузган 13 адам кармалды. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG